Буга чейин социалдык тармактарда иш-чарада эркек кишинин аял кишини микрофон менен чаап жиберген видеосу тараган.
Видео тараган күнү милиция тарабынан жаран кармалган. Бишкек ШИИБ маалымат таратып, окуя 22-декабрь күнү борбордогу ресторандардын биринде болгонун билдирди.
Арыз жазган адам мас абалындагы киши коомдук тартипти жана жалпыга тиешелүү жүрүм-турум нормаларын бузуп, иш-чаранын алып баруучуларынын колунан микрофонду алып, атайылап жана себепсиз кол көтөрүп, эскертүүлөрдү кабыл албай, ресторандын коопсуздук кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, микрофонду жерге чаап бузуп салганын, жыйынтыгында 48 миң сом материалдык зыян келтиргенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 280-бөлүгү (бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен байланышкан бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен түзүлгөн протоколдун негизинде, 25-декабрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен кармалган жаран 5 суткага камакка алынган.