Бишкекте антибиотик сайдырган 56 жаштагы киши каза болду

Бишкекте 1966-жылы туулган киши антибиотик сайылгандан кийин каза болду. Бул тууралуу журналисттерге шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 16-февралда №17 үй-бүлөлүк медицина борборунда болгон. Маалыматка караганда, бейтаптын өнөкөт оорулары болгон: 2020-жылы ишемиялык инсульттан улам Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө дарыланган, 2021-жылы жогорку тобокелдик гипертония оорусунан улам Кардиология жана терапия борборунда дарыланган. Ага операция да жасалган.

«Бейтаптын айтымында, ал көп жылдар бою антибиотик экстенбензатин алып турган. Ал эми бул кайрылууда бейтап дарысын өзү менен кошо ала келген. Үй-бүлөлүк дарыгер бардык маалыматтарды текшерип, медайымга жөнөткөн, ал алгач текшерип, ага ийне сайган. Сайгандан 10 мүнөттөн кийин бейтап эс-учун жоготуп, дарыгерлер Тез жардам кызматын чакырышкан, бирок ал Тез жардам келгенге чейин каза болгон. Бардык чаралар көрүлдү, дарыгерлер анафилактикалык шок боюнча биринчи жардам көрсөтүштү. Өлүмдүн себебин соттук-медициналык экспертиза аныктайт, азырынча бейтап эмнеден каза болгону белгисиз», — деп айтылат маалыматта.