Бишкекте апасы издеп жаткан Үмүтай Кашенова аман-эсен табылды

Бишкекте апасы издеп жаткан Үмүтай Кашенова табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

8-октябрда милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 7-октябрда саат 15:00 чамасында 1990-жылы туулган кызы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, таап берүү өтүнүчү менен кайрылган. 21-октябрда саат 15:00 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында мурда дайынсыз жоголгон 1990-жылы туулган жаран аман-эсен табылды.