Бишкекте Арууке Асамбаева менен Адия Кылычбекова дайынсыз болуп жатат

Бишкекте Арууке Асамбаева менен Адия Кылычбекова дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-мартта Ленин РИИБге жаран кайрылып, 2008-жылы туулган Арууке Асамбаева менен 2010-жылы туулган Адия Кылычбекова ошол эле күнү Астраханская көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан качып кеткенин жана ушул күнгө чейин дайынсыз болуп жатканын билдирген. 

Кимде-ким сүрөттөгү жарандарды көргөн болсо, 0(312) 35 29 47, 0(312) 35 26 05, 0 705 307 703, 0 701 644 403 номурларына чалсаңар болот.