Бишкекте «AstraZeneca» вакцинасын кайсы жерлерден алууга болот? Даректер

22-июлдан баштап COVID-19га каршы «AstraZeneca» вакцинасы менен эмдөө башталган. Бул вакцинаны Бишкек шаарындагы №2,3,5,7,15 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан жана студенттердин эмканасынан алууга болот.

Эмдөөнү жашы 18 жаштан жогору каалаган жарандар эки доза менен ала алышат. Биринчи менен экинчи дозаны алуу убактысы 4-12 күндү түзөт.  Региондордо AstraZeneca вакцинасын алдыдагы жумадан баштап алууга болот, учурда вакцинаны жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Региондор боюнча бөлүштүрүү планы:

Бишкек шаары – 10 миң доза;
Ош шаары – 2 миң доза;
Чүй облусу – 10 миң доза;
Жалал-Абад облусу – 4 миң доза;
Ысык-Көл облусу – 4 миң доза;
Нарын облусу – 2 миң доза;
Талас облусу – 2 миң доза;
Баткен облусу – 2 миң доза;
Ош облусу – 4 миң доза.

16-июль күнү Азербайджан Республикасы AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын гуманитардык жардам катары берген.