Бишкекте ат спорту боюнча ачык чемпионат өтөт

2-3-октябрда «Күлүк» олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинде балдар, жаштар жана чоңдор арасында ат оюндарынын ачык чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Чемпионаттын ачылышы 2-октябрда саат 10:00дө башталат. Мелдешке 50дөн ашык спортчу катышат. 10 жаштан улуу балдарга, жаштарга жана чоңдорго катышууга уруксат берилет.

«Спорттук иш-чараны  Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргызстандын ат спорту федерациясы уюштурууда. Иш-чара биздин өлкөдө ат спортун популяризациялоо жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана күчтүү ат спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлүүдө»,— деп айтылат маалыматта.