Бишкекте автобуска алмаштырылган №100, 105, 152, 195 жана 212 маршруттук таксилер кайрадан каттай баштады

Бишкекте маршруттук таксилер кайра каттай баштады. Кеп №100, 105, 152, 195 жана 212 маршруттук таксилердин каттамы тууралуу болуп жатат. Бирок вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкуловдун айтымында, жогорудагы маршруткалар аз санда гана жүрүп жатат.

«Бул 5 маршруттук линияда буга чейин 167 кичи автобус каттап келсе, алардын ордуна 122 автобус линияга чыгып жатат. Тургундар бул автобустар жетишсиз болуп, интервалдар көп экенин айтып, нааразы боло башташты. Ошондуктан, маршруттук таксилерди күч менен чыгарып салууга болбойт. Каттамдар жана керектүү сандагы автобустар толук иштелип чыкканга чейин кичи автобустар аларды камсыздандырышат. Учур келет, ошондо кичи автобустар 100 пайызга алынат», — деди ал. 

31-августтан тарта Бишкекте 5 кичи автобус каттамы токтолгон. №100, №105, №152, №195 жана №212 кичи автобустар мындан ары каттабайт турган болуп, алардын ордуна автобустар ишке кирген болчу.