Улуттук онкология борборунда аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
6-июлдан 13-июлга чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Кароо Кытайдан келген Нанкин медициналык университетинин адистери тарабынан жүргүзүлөт.
Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин УОжГ борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) келе алышат. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек. Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдан ала жазылуу менен жүргүзүлөт.
Көңүл бургула! Скринингге каршы көрсөтмөлөр бар:
— кош бойлуулук;
— этек кир;
— скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга да жасалбайт.
Скринингден 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.