Бишкекте аялды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте унаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ болжол менен 19:30 чамасында милицияга 54 жаштагы аял кайрылган. Ал аны Жибек-Жолу менен Курманжан Датка көчөлөрүнун кесилишинде унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенин айткан.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 33 жаштагы таксист кармалган. Ал Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен аялды сүзүп, качып кеткен. Кылмышка шектүү Бишкек ШИИБге алып келинди. Ал эми унаасы айып короого киргизилген.