Бишкекте азык-түлүктү дүң баада саткан жарманкелер ачылат

Элге керектүү болгон азык-түлүктү минималдуу баада камсыз кылуу маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Социалдык маанидеги товарлардын баасынын кескин көтөрүлүп кетиши Бишкектин көпчүлүк жашоочуларына күтүүсүз болду. Азыр биздин алдыбызда негизги милдет турат — азык-түлүк инфляциясын турукташтыруу. Бул үчүн дыйкандарды, даяр продукция өндүрүүчүлөрдү жана ири импортерлорду тартуу менен бир жуманын ичинде борбордун ар бир районунда айыл чарба жарманкесин уюштуруу маселесин чечүүнү тапшырам. Өз кезегинде дыйкандар жана ишкерлер товарларын жарманкелерде дүң баада, үстөксүз сатууга даяр. Ири соода борборлору дагы өз аймагынан жарманке уюштурууга орун бөлүп берүүгө даяр экендигин билдиришти», — деди Новиков.

Өз кезегинде Түлөбаев мэриянын жарманкелерди уюштурууга даярдыгы, ага 200гө жакын өндүрүүчүлөр катышарын айтты.