Бишкекте бүгүн, 11-ноябрда бир канча митинг болуп өттү.
“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери өткөн жылдын премиясын төлөп берүүнү жана айлык-акысын жогорулатууну талап кылышты. Алардын айтымында, айына орточо 6 миң сомго жетпеген маяна алышат. “Эгерде дүкөндөрдөн карыз берип турушпаса, биз эмдигиче ачкалыктан өлмөкпүз”, — дешти наарызычылык акциясына чыккандар.
Өкмөт үйүнүн алдына “Түндүк электр” ишканасынын кызматкерлери кайрадан митингге чыгышып, иштен алынган мурдагы директору Доскул Бекмурзаевди кайтарууну талап кылышты. Өкмөт үйүнүн жанындагы экинчи митинг Эмгекчил, Казарман, Кемин жана Чаткал айылынын тургундарына таандык болду. Алар “Кыргыз алтындын” башчысы Алмаз Алимбеков ээлеп отурган кызматына татыксыз дешет. Ушул эле Өкмөт үйүнүн алдында үчүнчү митингге “Караван” соода борборунун сатуучулары бир топ чечилбей жаткан маселелери менен чыгышты. Алар да “бизди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кабыл алсын” деп талап кылышты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанында да митинг болуп өттү. Анда гепатит оорусуна чалдыккандар дары-дармек ала албай жатышканын айтышып, баа саясатын көзөмөлгө алууну суранышты.
Жыйынтыктоочу митинг “Акнет” провайдеринин кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Алар негиздөөчүсү Кубан Ажимудиновго каршы чыгышып, анын тушунда кызматкерлер эч кандай социалдык кепилдик албаганын айтышты.