Бишкекте Байтик баатыр көчөсүндө бир кесилиш ачылат, бирөөсү жабылат

Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бүгүн, 4-июлда Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсү менен кесилиши ачылат. Ушул эле күнү Байтик баатыр менен Горький көчөсү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.
Андан тышкары, Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши жол курулушундагы зарылчылыкка байланыштуу 7-июлга чейин жабык болот. Аталган кесилиште көпүрөнүн үстүндөгү эски асфальт алынып, жаңы асфальт басылууда.
Байтик баатыр Горький көчөсүнүн кесилиши жабылгандыгына байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү: №195, 152, 103, 55, 56, 145, 102, 42, 169, 212.