Бишкекте Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү бүгүн жабылды

Байтик баатыр жана И.Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
20-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн М.Горький жана Ж.Бөкөнбаев көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Ошондой эле Байтик баатыр көчөсүнүн И.Ахунбаев көчөсү менен кесилиши да жабылат. Учурда аталган көчөнүн А.Токтомбаевден А.Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт басылып, жол чийиндери чийилип бүттү.
Бишкек шаарынын мэриясы жол жабылганына байланыштуу коомдук транспорттун кыймылы кандай өзгөргөнү тууралуу кошумча маалымат берет.