Бишкекте Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылып, 12 автобустун маршруту өзгөрдү

Азыркы учурда Байтик Баатыр көчөсүн улай Ю.Абдрахманов көчөсү, А.Токомбаев көчөсүнөн Бөкөмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү; Иса Ахунбаев көчөсү, Малдыбаев көчөсүнө Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү; Иса Ахунбаев көчөсү, 7-Апрель көчөсүнөн Достоев көчөсүнө чейинки бөлүгү, капиталдык ремонт иштерине байланыштуу унаа каражаттарынын кыймылына жабык. Ал эми Байтик Баатыр жана Ю.Абдрахманов көчөсүн туурасынан кесип өткөн Суеркулов, Иса Ахунбаев, Медеров, М.Горький көчөлөрү аркылуу унаа каражаттарынын кыймылына жол ачык.

Ахунбаев көчөсү жана Байтик Баатыр көчөсү капиталдык оңдоодон өтүүдө. Ошентип, Байтик баатыр көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү коомдук транспорт үчүн жабылды.

Буга байланыштуу №6, 52, 55, 56, 100, 103, 145, 152, 169, 195, 212, 226 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун каттамдарын пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну өтүнөт.