Бишкекте Байтик Баатыр көчөсүнүн Сүйөркуловдон Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды

Кечээ, 29-июнда жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жаткан Байтик Баатыр көчөсүнүн А.Сүйөркулов көчөсүнөн К.Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктап, аталган тилке унаа кыймылы үчүн ачылды.

Жолдун таманына эки катмар асфальт басылып, чийиндер чийилип, жол белгилери орнотулду. Көчөнүн эки тарабындагы ирригациялык тутумду жана жашыл аймакты ирээтке келтирүү жумуштары уланат. Аталган көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы аяктап, А.Токомбаевден А.Сүйөркуловго чейинки бөлүгү колдонууга берилген. Жалпысынан Жибек-Жолу проспектисине чейин реаблитация болот.