Бишкекте Бактияр Жумабай уулу 4 жылдан бери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 1993-жылы туулган Бактияр Жумабай уулу 4 жылдан бери дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга анын карындашы кайрылган. Агасы 4 жыл мурун «Ош базары» тараптан жоголгонун ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, (0312) 35-29-47, 0705 45 05 53, 0555 19 65 52 номурлары менен байланышсаңар болот.