Бишкекте бакты кыйып салган жаранга айып салынды

Шаар тургуну бакты кыйып салганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар тургундарынан Панфилов көчөсү №96 дарегинде бак кыйылып жатат деген билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын башчысы Медербек Амангелдиев барып, мыйзам бузуу фактысын аныктаган.

Жаранга муниципалдык аймактагы жашыл аянтчаларга зыян келтиргендиги үчүн “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлдү. Аталган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Жеринде 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.