Бишкекте бала бакчалар кайрадан ишин баштайт

Бишкекте атайын мектептер жана бала бакчалар кайрадан ишин баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн бул маселе боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева, шаардык башкармалыктын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева жана башкалардын катышуусунда өткөн кеңешмеде талкууланган. Чыныбаева белгилегендей, ата-энелердин көптөгөн кайрылууларынан улам бала бакчалар жана атайын мектептер ачылат.