Бишкек шаарында балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекциялар жана пневмония менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна орточо эсеп менен күнүнө 200дөн 500гө чейин бала кабыл алынат. Дем алыш күндөрү ооруканага кайрылгандар көбөйөт. Жекшемби күнү Шаардык балдар ооруканасына 1370 бала кайрылса, анын ичинен 727 бала соматикалык кабылдамага, 537 бала сасык тумоо менен кайрылган. Ооруканага сасык тумоо менен 39 бала, пневмония менен 39 бала, аралаш инфекция менен 4 бала жаткырылган.
23-октябрдан тарта бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору эпидемиологиялык сезондун бардык мезгилинде ишемби күнү саат 08:00дөн 18:00гө чейин жана жекшемби күнү саат 08:00дөн 14:00гө чейин иштейт.