Бишкекте баңги заттарды таратуучу 400дөй жарыя сырдалды

Кечээ, 20-июнь күнү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өздүк курамы, ЭММКАК жана милициянын райондук башкармалыктарынын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагындагы 4 райондун жергиликтүү аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү менен биргеликте «синтетика» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — синтетикалык баңги заттарды жайылтуу боюнча маалыматтарды камтыган жазууларды аныктоо жана алып салуу. Натыйжада, биринчи сутка ичинде борбор калаанын аймагына синтетикалык баңги заттарды таратуучу телеграмма-каналдарды жарнамалаган 400дөн ашык жазуулар сырдалып, алып салынды.