Бишкекте банка ала албаган аял Тез жардам чакырган

«Врач На Скорой» баракчасында Тез жардам дарыгерлерин чакыруу боюнча күлкүлүү окуяны жарыялашты.

Бишкектин Тез жардам кызматына 80 жаштагы кемпир чалып, жүрөгү ооруп, өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын билдирген. Көрсөтүлгөн дарекке Тез жардам барганда, улгайган аял эшикти ачкан. «Тез жардамды ким чакырды?» деген суроого ал өзү чакырганын айткан. 

Апанын жүрөгү оорубай эле антресолдогу банканы ала албай, Тез жардамга кайрылууну чечкен. «Силер Тез жардамсыңар, силер баарына жардам беришиңер керек деген чоң эне жанып турган көздөрү менен боорукер жылмайып турат. Эмкиде Өзгөчө кырдаалдар министрлигин чакырууну сунуштадык. Алар дароо биринчи кабаттан тепкич менен көтөрүлүп, текчеден банканы оңой эле ала алышат. Банканы алып берип, кеттик», — деп Тез жардам кызматынын дарыгерлери башынан өткөн окуяны жазышты.