Бишкекте бардык интернет провайдерлеринин кабели жер астына түшүрүлөт

Байланыш операторлор ассоциациясында «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Махабат Шамбетованын борбордун интернет-провайдерлеринин өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Кеңешменин жүрүшүндө провайдерлердин аба чубалгыларын «Кыргызтелеком» ААКнын Бишкек шаардык телефон тармагынын жер астындагы каналдарына кошуу маселеси талкууланды. Азыркы учурда Бишкек мэриясы тарабынан телефон канализациясын курууну пландаштыруу боюнча техникалык иштер жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтар тарабынан интернет-провайдерлердин өкүлдөрүнө аба чубалгыларын демонтаждоо зарылдыгы тууралуу эскертүүлөр жөнөтүлдү. Техникалык иштердин жана көрсөтүлгөн линияларды кайра коюунун убагында интернет-провайдерлер учурдагы түрүндө убактылуу иштешет.