Бишкекте башкы балатынын чырагын жандыруу аземинен улам жол жабылат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
«Кечирим сурайбыз! Кечинде Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат. Бүгүн, 16-декабрда саат 19:00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи өтөт. Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү кечки саат 18:00дөн иш-чара аяктаганга чейин жабык болот», — деп жазылат билдирүүдө.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.