Куткаруучулар Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, 1937-жылы туулган А.К. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.