Бишкекте дарыгерлерди Баткенге жиберүү үчүн топтоо жүрүп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
«Топтоо жүрүп жатат. Керек болгон учурда жөнөтүлөт. Даярданып жатышат», — дешти министрликтен.
Буга чейин соцтармакта дарыгердин жумуш ордунан эле аэропортко жөнөп жатканы тууралуу маалымат тараган эле.