Бишкекте Бибимариям 1 айдан бери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте Турсунбаева Бибимариям Умидовна дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-сентябрда милицияга кыздын апасы кайрылып, 2010-жылы туулган кызы 30-августта Дордой-1 конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барбаганын билдирген.

Кимде-ким сүрөттөгү кызды көргөн болсо, 0 (705) 00-33-73 номуруна чалсаңар болот.