Бишкекте бир күн мурда Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисине чейин ачылды

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бүгүн, 24-июлда Ж.Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү пландан бир күн мурда ачылды.
Буга байланыштуу коомдук транспорттун кыймыл чиймелери өзгөрдү. Алар төмөнкүлөр: № 42, 55, 100, 145, 152, 169, 226 автобус каттамдары.
Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолуна чейинки бөлүгүндө эски асфальтты сыйруу, бордюр орнотуу жана асфальт басууга даярдык жумуштары жүрүп жатат.