Бишкекте бир шарт менен өзүнө жар издеген кыздын видеосу тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкекте өзүнө жар издеп жүргөн кыздын видеосу менен бөлүшүп жатышат. Негизги шарты – күйөө болчу жигиттин санарип документтери болушу керек.

Видео менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги да соцтармактагы баракчасына бөлүштү. Министрлик дал ушундай жол менен Бишкектин тургундарына «Түндүк» тиркемесинде электрондук документтер бар экенин эскерткен.