Бишкекте биринчи айымдын катышуусунда өткөн форумда эмнеге өзгөчө көңүл бурулду?

Кечээ, 20-августта Бишкек шаарында биринчи айым Айгүл Жапарованын жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзийоеванын катышуусунда «Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер» форуму болуп өттү.

Форум Кыргызстандын жана Өзбекстандын аял-лидерлерин кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана экономикадагы, санариптик технологиялардагы, экологиядагы, билим берүүдөгү жана мамлекеттик башкаруудагы аялдардын лидерлиги маселелерин биргелешип талкуулоо үчүн бириктирүүгө багытталган. Билим берүү, ишкердик жана инновациялар аркылуу аялдардын жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле аялдардын туруктуу өнүгүүдөгү жана климаттык демилгелердеги ролун күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.