Бишкекте биринчи жолу «Санариптик Кыргызстан 2021» улуттук кибер машыгуу тренинги өтүүдө. Сүрөт

28-29-апрелде Бишкек шаарында биринчи жолу «Санариптик Кыргызстан 2021» аталышындагы, жогорку окуу жайлары жана жеке сектордун өкүлдөрү, БУУнун Эл аралык Телекоммуникация Бирлиги жана «Softline» ЖЧКнын техникалык оператору, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын УКМК Киберкоопсуздукту Координациялоо Борбору тарабынан уюштурулган кибер машыгуу өтүп жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган машыгуунун максаты, мамлекеттик кызматкерлердин компьютердик чабуулдарды аныктоо жана компьютердеги инциденттерге чара көрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүдө практикалык көндүмдөрүн үйрөтүү жана иш-жүзүндө колдонуу болуп саналат. Бул практикалык көнүгүүгө киберкоопсуздук жаатындагы эл аралык компаниялардын эксперттери чакырылган, жана Эл аралык Телекоммуникация Бирлиги, «Group-IB» жана «Лабораторией Касперского» тарабынан берилген кибер платформалар колдонулат.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенттин аппаратынын, Коопсуздук Кеңешинин, өкмөттүн, Мамлекеттик санариптик өнүгүү кызматынын жана башка министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү чакырылган.

Машыгуу мамлекеттик программаларды, “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” Санариптик трансформация концепциясын жана 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Киберкоопсуздук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат.