Бишкекте биринчи класстын окуучулары 15-февралда каникулга тарашат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
«Кышкы каникул бир аптага созулат. 22-февраль күнү биринчи класстын окуучулары кайрадан окууга кайтышат»,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги ар бир аймак өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө карап кошумча каникулду өзүлөрү белгилей турганын билдирген.