Бишкекте Бишкек милиция башчысынын сөзүнөн кийин митинг өтүп жатат

Бүгүн, 3-апрелде Бишкекте ШИИБ башчысы Азамат Ногойбаевди кызматтан кетирүү боюнча митинг өтүп жатат. Митингге чыккандар, анын ичинде жарандык активисттер жана укук коргоочулар баш калаанын милициясынын имаратынын жанына чогулушту. Буга анын зомбулукка кабылган кыздар тууралуу билдирүүсү себеп болгон.

«Кылмышты жаап-жашырууга анын тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейбиз. Эмне үчүн мынчалык кылмышкерлерди коргогон? Биз президент Садыр Жапаровго, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылабыз”, — дейт “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова.

31-мартта Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча үн каткан. «Дайынсыз жоголгон кыздар балдар менен таанышып, анан өз ыктыяры менен жатышат жана ушундай болот», — деген ал.