Жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттор өз нугунда иштөөдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.
Бүгүн, 1-январда ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү автобекеттерде каттамга чыккан коомдук транспортторду текшерип, техникалык жана медициналык кароодон өтүүлөрүн көзөмөлгө алууда. Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында 950 автобус графиктин негизинде каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү ташууда.