Бишкекте бүгүн бир катар жолдор оңдоого жабылды

Буга чейин Бишкек мэриясы 25-май күнү кечинде Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин жана И.Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин жабыларын маалымдаган.

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев бүгүн, 26-майда жогорудагы көчөлөр жабылганын жарыялады.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жолдогу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, аталган көчөлөр аркылуу өтүүдө алдын ала альтернативалык жолдорду тандап алууну эскертет.