Бишкекте бүгүн, эртең кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте 3-4-апрель күндөрү кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыл чарба азыктарынын жарманкесинин Бишкек шаарында өтчү даректери төмөнкүдөй:

1. Биринчи май райондук администрациясы, Исхак Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;

2. Свердлов райондук администрациясы, Төрөкул Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.