Бишкекте бүтүрүү кечелерине тыюу салынды

25-майда саат 9:00дө Бишкек шаарынын бардык билим берүү уюмдарында окуу жылынын аякташына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мугалимдерден жана мектептерден акча чогултууга, ошондой эле кечки жана түнкүсүн майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул күнү билим берүү башкармалыгынын жана райондук билим берүү борборлорунун кызматкерлеринин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулуп, Бишкек шаарынын укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт. Мектептер тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда директорго ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик чаралар көрүлөт.

Мэрия ата-энелерден балдарга өзгөчө көңүл буруп, шаардын эл көп болгон оюн-зоок жайларына, ошондой эле шаардын сыртына өз алдынча барууга жол берилбестиги тууралуу баарлашууну суранат.