Бүтүрүүчүлөрдүн аттестат алуу аземи өтүүдө. «Блокпосттор коюлуп, унаалар текшерилет» дейт Кайгуул кызматы

Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн орто мектепти бүткөндүгү боюнча аттестат алуу аземине байланыштуу шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын блокпосттор орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан бардык унаалар текшерилет. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.

Кайгуул кызматкерлер ар бир орто мектепте коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдүү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Андан сырткары бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин ата-энелеринин жана чоң адамдардын коштоосу жок өз алдынча топтошуп, тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши үчүн, түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын блокпосттор орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан бардык унаалар текшерилет.