Бишкекте чагылгандан атчан адамдын көз жумушу. Мэриянын маалыматы

Кечээ, 12-июнда Ак-Кула ипподромунун аймагында чагылган түшүп, бир адам каза болду. Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты Ленин РИИБнин МКЖ катталып, тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана күбөлөрдү суракка алуу менен тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
«Бүгүнкү күндө ипподромдун аймагындагы ат сарайлардын баары менчиктештирилип кеткен, бирок айрым ат сарайларды жеке адамдар пайдаланып жатышат. Муниципалитет тарабынан ипподромдун аймагын пайдаланбоо боюнча бир нече жолу талаптар коюлганына карабастан, жеке адамдар өзүм билемдик менен аттарды үйрөтүп, машыктырып келишет. Учурда иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында юридикалык баа берилет», — деп жазылат мэриянын маалыматында.