Бишкекте чектөөлөр боюнча чечим кандай аткарылып жатат? Айыпка жыгылган жайлар

Кечээ, 18-июнда жүргөн рейддин жыйынтыгы менен 6 тамактануучу жай жана 1 интернет-клубга жалпы 31 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынан билдиришти. Түндө мэриянын кызматтары ишмердүүлүктү саат 23:00дөн 07:00гө чейин чектөө боюнча чечимдер кандай аткарылып жатканын билүү максатында текшерүү жүргүзгөн.

Айыпка 7 жай жыгылды:

«Соң-Көл» рестораны менен ресто-барына санитардык нормаларды сактабаганы үчүн айып салынса, калгандары саат 23:00дөн кийин да иштегени үчүн жазаланган. Мында «Глав Пив Трест» юридикалык жак катары 13 миң сом айып төлөсө, калганынын ар бири 3 миң сомдук айыпка жыгылышты.