Бишкекте чет өлкөлүктөр арасында мушташ катталды. Милиция эмне дейт?

Кечээ, 4-ноябрда социалдык тармактарда «Бишкекте чет өлкөлүктөрдүн арасында мушташ катталды» деген видео тараган. Бишкек ШИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

Маалыматка караганда, мушташ тууралуу маалымат милицияга 3-ноябрда саат 04:50 чамасында түшкөн. Жерине Бишкек ШИИБдин кызматкерлери барган учурда пикир келишпестиктен улам мушташ чыкканы маалым болгон. Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган.

Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган эки чет өлкөлүк жаран кармалган. Тергөө уланууда.