Бишкекте жаз келип, жол жамамай башталды (сүрөт)

Бишкекте чуңкурларды жамоо башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда Лев Толстой көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө «Бишкек асфальт сервис» ишканасы тарабынан чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө. Буга чейин Абдрахманов көчөсүндө Токомбаев көчөсүнөн Совет көчөсүнө чейинки тилкеге жана Горький көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурлар жамалды. Жол кыймылынын коопсуздугу жана шаардын эстетикалык көрүнүшү үчүн Айтматов проспектиси Мамлекеттик резиденциядан Масалиев көчөсүнө чейинки жол бордюрларын сырдоо иштери жүрүп жатат.