Бишкекте дагы 3 мектептин окуучулары онлайн-окууга жөнөтүлдү

Бишкекте дагы 3 мектептин окуучулары онлайн-окууга жөнөтүлдү. Ошентип учурда үйдөн билим алуусун улантып жаткан борбордогу мектептердин саны 8ге жетти. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

№24, №17 жана №67 мектептери онлайн-окууга өтүп, анда баш-аягы 4 окуучудан жана 1 мугалимден коронавирус илдети аныкталды. Баары 19 мектепте коронавирус жуктуруп алгандар катталган, бирок айрым мектептерде класстар гана онлайн-окууга өткөн. 17-апрелге карата карантинге жабылган мектептер төмөндөгүлөр: №28, №52, №32, №67, №10, №35, №13, №26, №63.

Жогорудагы мектептерден тышкары №12 жана №93 бала бакчасы да жабылды.