Бишкекте дагы бир жаңы бала бакча ачылды

Борбор калаанын №6 кичи районунда жаңы №6 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы бала бакчанын аянты 1573 чарчы метрди түзүп ,140 орунга (бир орун 6 бала туура келет) ылайыкталган.

“Имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, инженердик тармактар ​​алмаштырылды: жылуулук жана суу түтүктөрү, канализация, электр зымдары жаңыртылды. Ошондой эле, ашкана жана кир жуучу жабдыктар алынып келинип, эмеректер, видеокөзөмөл тутуму орнотулду. Аны менен катар бала бакчанын сырткы бөлүгүнүн көрктөндүрүү иштери да бүткөрүлдү»,- деп билдиришти мэриядан.

Имараттын курулуш ишин Бишкек шаарынын капиталдык оңдоо, курулуш башкармалыгынын буйругу менен «Байэл-А-Курулуш» курулуш компаниясы жүргүзгөн.

Ал эми мекеменин директору болуп Мээрим Курманбаева дайындалды. Тийешелүү буйрукка борбор калаанын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси кол койду.

Белгилей кетсек, бул жаңы бала бакчанын имараты буга чейин Октябрь районун социалдык фондуна тийиштүү болуп келген.