Бишкекте дагы тогуз мектеп жана бала бакча оңдолот

Бишкекте дагы тогуз мектеп жана бала бакча оңдолот. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык парламенттин депутаттарынын жарандык демилгелеринин алкагында капиталдык курулуш башкармалыгы борбордогу мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо иштерине сынактык тендер өткөрөт.

Жарандык демилгелер боюнча пландаштырылган сынактардын жалпы суммасы 8 миллион 719 миң 890 сомду түзөт.