Бишкекте дагы үч мектеп карантинге жабылды

Бишкекте дагы үч мектеп — №17, №30, №32 карантинге жабылды. Аталган билим берүү мекемелеринин окуучуларына сабактар 2 апта бою онлайн режимде өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга чейин борбор калаада 13 мамлекеттик, 3 менчик мектеп карантинге жабылганы маалымдалган. Билим берүү мекемелери анда окуучулар менен мугалимдерден коронавирус катталгандан улам жабылууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө жалпы 26 мектеп (Бишкекте — 16, Чүйдө — 10), 76 класс онлайн окууга өттү.

Алгоритмге ылайык, мектепте бир адамдан коронавирус аныкталган учурда класс онлайн окутууга жөнөтүлөт, эки же андан көп кишиден оору катталган учурда билим берүү мекемеси толугу менен карантинге жабылат.