Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан баланы тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Кечээ, 13-апрелде борбор калаанын аймагынан Биринчи Май РИИБдин Балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан мурда дайынсыз болуп жаткан 2011-жылы туулган бала РИИБге жеткирилип, аман-эсен ата-энесине өткөрүп берилген.