Дайынсыз болуп изделип жаткан 14 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ленин РИИБден билдиришти.
8-январда РИИБге 2008-жылы туулган баланын апасы кайрылып, уулун табууну суранган. Ал 7-январда саат 05:00дө Арча-Бешиктеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы маалым болгон. Аны 11-январь күнү кечки саат тогуздарда Ленин РИИБдин кызматкерлери таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.