Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 2 кыз аман-эсен табылды

Милиция кызматкерлери мурда дайынсыз жоголгон кыздарды табышты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

18-сентябрда Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагынан мурда дайынсыз болуп жаткан 2008 жана 2010-жылы туулган кыздар аман-эсен табылган.

16-сентябрда жарандар кыздарын табууга жардам көрсөтүү арыздары менен кайрылышкан. Ошол эле күнү үйдөн чыгып, белгисиз тарапка кеткен жашы жете элек кыздардын кайда экени белгисиз болгон. Табылган жашы жете элек кыздардын коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлери ата-энелер менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүштү. Учурда иштин жагдайлары териштирилүүдө.