Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 2 окуучу табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 2013 жана 2014-жылы туулган окуучу балдар табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, алар аман-эсен табылган.

Буга чейин милиция маалымат таратып, Бишкекте 2013-жылы туулган Сабыржан Акунов менен 2014-жылы туулган Бектурган Кажымуханов дайынсыз болуп, изделип жатканын билдиришкен.