Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 3 бир тууган табылды

Мурда дайынсыз болуп жаткан балдар милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

29-сентябрь күнү Биринчи май РИИБге жаран арызы менен кайрылган. Анда 2018-жылы туулган уулу, 2012 жана 2009-жылы туулган кыздарын табууга издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирген. Жогорудагы маалымат тергөө кызматында катталып, текшерүү иштери башталган. Аталган маалыматтын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин жалпы өздүк курамы дайынсыз болгон балдарды күнү-түнү издөөгө алышып, жыйынтыгында түнкү саат 02:30 чамасында Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан үйлөрдүн биринен табылган.

Азыркы учурда Биринчи май РИИБдин милициянын жаш өспүрүмдөр инспекциясынын кызматкерлери, социалдык үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо башкармалыгынын кызматкерлери жана Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан бардык керектүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө